КӨРҮҢДӨ ӨКҮР!
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакшылык көрбө, өлгөндө да тынч жатпа! деген мааниде беймаза кишилерди каргоо иретинде колдонулат. Көрүңдө өкүр, как баш! – деп каргап жатты («Ала-Тоо»). Башкага кымындай жакшылык ойлобойсуң, көрүңдө өкүр, канкор! (Осмоналиев). В.: Көрүңдөн таш чыккыр! Көрүңдөн гана ташы чыккыр, ким гана болду экен а?! – деп күйдү Мадыл (Касымбеков).